www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-январь, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду.

Жыйында ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн алкагында Казакстандагы абалды жөнгө салуу үчүн 150 кыргыз аскерин жөнөтүү маселеси каралып жатат.

Кечээ, 6-январда Министрлер кабинети чукул жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын кабыл алган, жана жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасаары белгилүү болгон. Ал Казакстандагы абалга чара көрүү штабын жетектейт.

Жыйындын жүрүшүндө аскерлерди жөнөтүүгө каршы чыккан депутаттардын пикиринен кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аларга жооп берди.

«Уматтуу депутаттар, биз бул жерде пиар кыла турган, ар ким өзүнүн шайлоочуларынын алдында же башкалардын алдында пиарлай турган убакыт эмес. Мен ачык эле айтып коёюн, азыр мага маалымат келди. «Ак жол» менен «Ак тилекти» жабышты. Эртең ундун 1 кабы 10 миңге чыгып кеткенде, 1 литр бензин 100 сомго чыгып кеткенде ким жооп берет? Айдарбеков жооп береби? Бул жерде мамлекетти да ойлошубуз керек да. Биз эмне, көчөдө жүргөн эле адамдар эмеспиз да. Бул жерге келип алып, силерге жалынып-жалбарып эле, өзүбүз үчүн чечип жаткан жокпуз. Силер үчүн чечип жатабыз, мамлекетибиз үчүн чечип жатабыз. Коомубуз үчүн чечкенге аракет кылып жатабыз.

Силер, урматтуу депутаттар! Коомубуздун жаңы шайланып келген депутаттары катары жоопкерчилик алышыңар керек. Эртең Нуржигит Кадырбеков жооп бербейт да. Ал отурат, креслосунда. "Мен адамдардын канынан корком" деп коюп. Ошондуктан урматтуу туугандар, урматтуу депутаттар, мен силерди дагы бир жолу чакырып кетем. Бул жерде саясат кыла турган, өзүңдү пиарлай турган же шайлоого бара турган, даядана турган убакыт эмес. Мамлекеттик деңгээлде мамлекет башчысы кабыл алган чечим.

Эгерде добуш бере албасаңар, пиарлабастан, канды, башканы оозуңа алып сүйлөбөстөн, жакшынакай кылып туруп, унчукпай отуруп бергиле. Себеби, азыр 7 посттун төртөө жабылды. Эртең жети пост тең жабылгандан кийин унду желкесине ким, Кадырбеков ташып келип береби? Ким ташып келип берет? Элибизди ким багат? Элибиздин тынчтыгын ким сактайт», - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиевдин сөзүнө Нуржигит Кадырбеков жооп берди.

«Камчыбек Кыдыршаевич абдан маанилүү маалымат бердиңиз чек араларды жабып жатат деп. Өткөн күнгө кайрылбайын дедим эле, Казакстан мынданда кыйын күндө биз үчүн чек арасын жапкан. Бирок кеп анда эмес. Эгерде биз өзүбүздүн жоокерлерди жөнөтсөк Казакстан чек арасын ачат деген кепилдик барбы? Этика маселеси боюнча абдан жакшы сөз айттыңыз биз ал өлкөнүн ички маселесине киришпейбиз, комментарий бере албайбыз деп. Ошондой эле биз пикир айтсак айтып жатасыз пияр, саясий очко деп. Жан дүйнөбүзгө кирип чыкпагандан кийин мындай чечимге келүү туура эмес. Мен сизди урматтайм сыйлайм, сизда өзүңүздүн пикириңизди айтып жатасыз бул туура эле», - деп кошумчалады эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости