www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канар архипелагынын тутумуна кирген Ла-Пальма аралында жанар тоо атылып, кечээ, 19-сентябрда төрт кыштактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү.

Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес Ла-Пальма аралына жергиликтүү бийлик менен шашылыш сүйлөшүү жүргүзүү үчүн барды.

Канар аралдарынын президенти Анхель Виктор Торрестин айтымында, беш миңдей киши эвакуацияланды.

Окумуштуулар өткөн жумада жанар тоо жайгашкан аймакта 22 миңден көп жолу жер силкингенин байкашкан.

Вулкандын атылышына жердин титиреши түрткү болгону маалымдалды. Соңку ирет жанар тоо 1971-жылы атылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости