www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы күндөрү кант маселеси чыкты жана өкмөт Москвадагы Евразиялык комиссияга кайрылып, Кыргызстандын квотасын көбөйтүүгө жетишти. Өлкөгө жеңилдетилген түрдө 50 миң тоннадан ашык кант жана «Каинды-Кант» заводу үчүн дагы 50 миң тоннага жакын кант камышынан жасалган чийки зат бөлүндү.
Советтик мезгилде Кара-Балта менен Шопоков шаарларында жана Каинды менен Беловодское айылдарындагы 4 заводдо жылына 400 миң тоннадан ашык кант чыгарылчу, Кыргызстандын өзүнө анын 40 гана пайызы жетчү жана 60 пайыз өндүрүм экспортко кетчү. Эми биз чийки затты алыскы Бразилиядан алып жатабыз.
Дүйнөлүк экономикага кошулуунун оң жана терс жактары бар. Ар бир мамлекет өзүн баардык нерсе менен өзү камсыздаган жакшы, бирок сырттан сатып келүү арзаныраак болуп жатпайбы. Кайсы бир жерде согуш же башка нерсе башталса, көптөгөн байланыштар үзүлөт. Ошондуктан мамлекет менен анын экономикасын башкаруу – өтө татаал жана көп кырдуу иш, бизде болсо ар бир экинчи адам мамлекет башчысы болугусу келет.