www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Түркстан облусунда куюн болуп, бир нече үйдүн чатырын талкалап кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети билдиргендей, Ордобас районунун Аккойлы айылындагы ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал 17 үйдүн чатырын учурду. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Буга чейин Казакгидромет 5-майда эртең менен жана күндүз Түркстан облусунун түштүктөгү райондорунда жаан-чачын катуу жаап, күн күркүрөп, мөндүр жаап, чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости