www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык блогерлерди өзүн “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп жарыялап алган аймактарга чакырышууда.  Бул тууралуу белгилүү блогер Алишер Еликбаев соцтармактардагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, анын жардамчы менен соцтармактарда иш жүргүзгөн орусиялык компания байланышкан. Ага Украинанын аннексияланган аймактарында блог-тур жасоону сунуштаган. Компания Еликбаевди атайын борт менен Астанадан алып кетүүгө убада берген.

Тапшырык берүүчү эч кимди мактап-жактоонун кажети жоктугун, болгону жергиликтүү тургундарды жана орусиялык туткундарды колдоо керектигин белгилеген. Акы жакшы төлөнөрү, коопсуздук камсыздалары убадаланган.

Еликбаевдин Инстаграмдагы бир посту 7 миң доллар турары айтылып келет. Орусиялык компания ага андан да көбүрөөк каражат берүүгө даяр экенин кыйыткан.

“Алар көп акча берүүгө даяр экенин билдиришти. Бирок биз баш тарттык. Мен жана менин командам Украинаны колдойт”, - деди блогер.

Алишер Еликбаевге гана эмес, бир катар таанымал блогерлерге да ушундай эле сунуш түшкөн. Еликбаев эгер тапшырык берүүчү коопсуздукту камсыздап, көп акча сунуштаса, баруучулар табылышы мүмкүн деген пикирде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости