www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кеминде май куюучу жайдан эки ирет өрт чыкты

ӨКМ түндө Кемин шаарында бир эле күйүүчү май куюучу жайдан өрт чыкканы тууралуу эки ирет чакыруу түшкөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун жээгиндеги Red Petroleum май куйган бекетинде турган жүк ташуучу Mercedes Benz унаасынан өрт чыгып, толук күйүп кеткен. Жалын май куюучу жайдын бир колонкасына да өтүп, жалпы аянты болжол менен 220 чарчы метр жер күйүп кеткен.

Жалын саат 23:40та чектөөгө алынып, 04:36да толук өчүрүлгөн.

Ошондой эле, аталган дарекке саат 05:50 чамасында өрт тууралуу дагы бир чакыруу түшкөн.

"Күйүүчү май куюучу жайдын металл менен жабылган чатырынын 10 чарчы метри күйгөн. Жалын саат 6:10до чектөөгө алынды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себептери талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости