www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкөнүн алыскы аймактарында жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Бүгүн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланган жаңы «Хан-Теңири-7» турак жай комплексинин курулушуна расмий старт берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев белгилегендей, жаңы турак жай комплекси жашоочулар үчүн бардык заманбап шарттар менен камсыз болот. Бул долбоор Президент Садыр Жапаров тарабынан толук колдоого алынып, аймактардагы жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Комплекс 18 блоктон турган 6 кабаттуу турак жайлардан туруп, жалпысынан 540 батирди камтыйт. Анын ичинде 126 бир бөлмөлүү, 306 эки бөлмөлүү жана 108 үч бөлмөлүү батир каралган.
Долбоордо балдар аянтчалары, спорттук жана эс алуу зоналары, ошондой эле 453 унаага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай каралган.Ошондой турак жай комплекстин мектеби жана бала бакчасы каралган.
Жаңы «Хан-Теңири-7» турак жай комплекси Кербен шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана тургундар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө чоң салым кошот.