www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык инфекциялык балдар ооруканасынын бөлүм башчысы Клара Жунусова илдетти жуктуруп алган кесиптештерин кантип дарылаганын, 5 күн бою жумуш ордунда калып, анын үч күнүн уйкусуз өткөргөнүн, коргоочу костюмдар менен иштөөдө жаралган тоскоолдуктар тууралуу айтып берди. Анын билдирүүсүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.

Клара Жунусова 5-апрелден тарта коронавирус инфекциясы тастыкталган оорулууларды кабыл алып иштей баштаган. Бул оору тууралуу көп эле укканы менен илдетти дарылоого биринчи жолу кез келип жаткандыктан алгач оор болгон. Бул оорунун өзгөчөлүгү - бейтаптын абалы кескин оорлошуп, илдеттин белгиси байкалбай эле өпкөнү жабыркатып, пневмонияны пайда кылат.

Аталган ооруканага эң алгачкылардан болуп кош бойлуу келин (кош бойлуулуктун 32 аптасында) жана 11 айлык ымыркайы бар жаш эне келип түшкөн. Андан бир-эки күн өтпөй эле ооруну жуктуруп алган балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлери келе баштаган. Эң оору өз кесиптештерин, насаатчыларын дарылоо болгонун айтат дарыгер.

“Бизге келип түшкөн бейтаптардын бардыгына тең психологиялык жактан оор болду. Себеби диагнозун угаар замат Италиядагы абал көз алдыларына келип, коркуу сезими күч алат экен. Алгач кесиптештерим келип түшкөндө жаман абалда болдум. Бирок өзүмдү колго алып, аларды психологиялык жактан колдоп жаттым. Эң оору коргоочу костюмдарды кийип иштөө. Себеби 6-8 саат бою бет кап, көз айнек менен жүргөндө организмге кычкылтек жетишпей, суусап кыйналат экенсиң. Ага кошумча дем алган сайын көз айнектерибиз бууланып, иштөөгө тоскоолдук жаратат. Ушул нерсенин баары таасир эттиби, айтор ыйлаган күндөрүм да болду. Бирок туш болгон кыйынчылыктарга карабай бейтаптарыбызды сакайтып, үйлөрүнө чыгардык”, - деп баяндап берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости