www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сот системасынын кызматкерлери бүгүн кесиптик майрамын белгилеп жатат, бирок кубана жана майрамдай турган себеп деле жок. Сот чечимдеринен жапа чеккен жарандардын дагы, уюмдардын да саны өтө эле көп. Кечээ күнү соттордун XII-курултайы болуп өттү жана анда – соттор бийликке баш ийбей, мыйзам талабына туура келген гана чечим кабыл алыш керек деп 11чи, 10чу же 6-курултайда сүйлөнгөн сөздөр кайталанды.
Сот башаламандыгы – кабыл алган чечим үчүн сот эч кимдин алдында жооп бербейт деп мыйзамда жазылып калгандан кийин башталган. Мындай эреже – эч ким сотторго бийлик тараптан көрсөтмө бербесин жана бийликтин айтканын сот аткарбай койсо, аны эч ким жазалай албасын деген максат менен киргизилген.
Бирок соттор бийликтин айтканын да жасап, сол тараптан акча сунуштагандардын дагы суранычын аткарып отуруп, азыр толугу менен чирип бүткөн абалга келди. Биз эмнени болбосун – парламентаризм, шайлоо же соттордүн көз карандсыздыгы сыяктуу – эмнени болбосун бурмалап, анын маңызын тескери аңтарып салганга маш экенбиз.