www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай маалыматты кечээ, 16-сентябрдан 22-сентябрга чейин Талас шаарында өткөн Улуттук көчмөндөр оюнунан соң анда катышкан көкбөрүчүлөрдүн (улакчы) бири айтып, ал видео интернетке тарады.

Анын айтымында, көкбөрүчүлөр ар кайсы мелдештерге ар кимден карыз алып катышышат. Бирок, уткан акчаларын аталган улуттук спорттун түрү боюнча федерация убагында бербейт. Атүгүл, 31-август, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө карата өткөрүлгөн мелдештин да байге акчаларын ушул убакка чейин алышпаптыр.

Биз бул боюнча федерацияга байланышканыбызда, Кыргызстандын "Көк бөрү" федерациясынын маалымат катчысы бул тууралуу төмөнкүдөй жооп берди:

- Жоок, бул маалымат туура эмес. Видеодогу көкбөрүчү "акчаны балким айлап күтүп калаттарбыз" деп жатат. "Айлап ала албай жатабыз" деген жери жок. Баары убагында берилет. Ал эми Таласта өткөрүлгөн оюн боюнча айтсам, ага федерация эмес, ошол көчмөндөр оюндарын уюштурган тарап жооптуу.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости