www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ой эне, кете бергиле. Өзүбүз эле иштейбиз. Билген киши иштесин. Иштегениңерге 30 жыл болду...” Мына ушундай маанайдагы айыл активдери менен жаалданган жарандардын ортосундагы кайым айтышкан видео пайда болду.
Тагыраагы, бүгүн, 25-ноябрда Асылбек Абдрахман аттуу Фейсбук колдонуучу жарыялаган бул кадрда Түп районундагы Сары-Дөбө айылынын тургундары “Арал” айыл өкмөт башчысы Бакый Мамытовго нааразы болуп иштен кетүүсүн талап кылышкан.
“ - РАЙОНДУК АКИМЧИЛИК КЫРДААЛДЫ УЛАМ КҮЧӨТҮП, ЧАРА КӨРҮҮНҮН ОРДУНА ЭЛДИН ТАЛАБЫНА КАРШЫ ИШТЕРДИ ЖАСАП ЖАТАТ! ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ПРЕЗИДЕНТТИН САЯСАТЫНА КАРШЫ ИШ ЖҮРГҮЗҮП ЖАТАТ!”, -деп айтылат андагы билдирүүдө.
Бул жергиликтүү тургундардын талашы аталган райондогу жайыт жерлердин казылып жаткандыгына байланыштуу экен. Ошол эле Асылбек Абдрахмандын баракчасына андан ары абай салсак, мындан эки күн мурун, 23-ноябрда чыгарган видео да бар. Анда айыл тургундары ӨКМ кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратып, арыкты башка жактан казууну көргөзүп жатышканын көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg