www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда жаңы мыйзамдар күчүнө кирип, иштей баштаган. Буга байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштери милиция тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Жаңы кодекстердин алкагында Бузуулар боюнча протоколдорду туура толтуруу, иш кагаздарын алып баруудагы маалыматтар камтылган жыйындар областтын аймагындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, бул багытта Сузак РИИБи тарабынан жергиликтүү администрацияда 20-ноябрь күнү атайын жыйын өткөрүлүп, жаңы кодекстер боюнча кеңири маалыматтар берилип, кызуу талкууга алынды. Бул иш-чарага район аймагындагы ар бир айыл өкмөттө түзүлгөн бузуулар комиссиясынын мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттар болуп жалпы 500гө жакын адам катышты. Аларга Бузуулар кодексиндеги жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына тиешелүү беренелер окутулуп, күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонуу керектиги белгиленди.
Булак: NazarNews.kg