www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамынан чыкты. Бул тууралуу маалыматты аталган депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Алмазбек Эргешов тастыктады. 

Айтымында, Сулайманов мындай чечимди ал комиссиянын биринчи жыйынында эле кабыл алган. 

“Бул иште менин атым аталып калган үчүн комиссиянын курамынан чыгам. Шаршемби күнү комиссияга мүчө болууга “Бир бол” фракциясынан башка депутатты сунуш кылабыз",- деп Алтынбек Сулайманов билдирген. 

Өткөн жумада парламент депутаты Искендер Матраимов да комиссиядан чыгарын жарыялаган. Ал Facebook баракчасына Саймаитинин өлүмү боюнча иште анын үй-бүлөсүнүн аты аталып жатканын, коомчулукта шек саноо болбош үчүн комиссиядан чыгууну туура көргөнүн жазып чыккан. 

Жогорку Кеңеште 21-ноябрда уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Аталган ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости