www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги жарыялоолор жана журналисттик иликтөөлөр боюнча укук коргоо органдарынын иши Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынынын жүрүшүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып маалымдады.
Ал белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолосу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен Саймаитини өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ошондуктан ал Түркияга качып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоо органдары төмөнкүдөй маалыматтарды беришти.
«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2019-жылдын 22-ноябрында жогоруда көрөтүлгөн фактыны текшерүү максатында КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча (адам өлтүрүүгө ниеттенүү) материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.
Кечээ, 2019-жылдын 24-ноябрында аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш УКМК тергөө башкармалыгына тапшырылды жана ошол эле күнү Башкы прокуратура тарабынан курамына УКМКнын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана ИИМдин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Азыркы кезде кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп баса белгиледи Коопсуздук Кеңешинин катчысы.
Айеркен Саимаити Кыргыз Республикасынын жараны эмес экенин Дамир Сагынбаев өзгөчө баса белгиледи.
«Мурдараак укук коргоо органдары маалымдагандай, Айеркен Саимаити мыйзамсыз түрдө Эркин Самятовдун атына паспорт жана ID-картаны алган. Ал бул документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак району боюнча түзүмдүк бөлүмүнөн 2014-жылы алган. Бул факты 2019-жылдын июлунда ачыкталган. Күнөөлүү тарап — Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери экени да аныкталган. Азыр кылмыш иши Сузак райондук сотунун кароосунда турат. 2019-жылдын сентябрында Айеркена Саимаитиге байланыштуу материалдар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз колдонуу фактысы боюнча (КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси) өзүнчө өндүрүшкө алынган», — деп баса белгиледи ал.
Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле «Азаттыктын» биринчи иликтөөсүндө көрсөтүлгөн 700 млн АКШ долларынын өлкөдөн ар түрдүү банктар аркылуу чыгарылып кеткени боюнча материалдарды үстүбүздөгү жылдын июнь айында КР Кылмыш-жаза кодексиинин 215-беренесинде каралган (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) кылмыш белгилери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын белгиледи.
«Финансы полициясы тарабынан Айеркен Саимаитинин которуулары боюнча документтери алынган. Андан кийин салык инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Айеркен Саимаитинин иши боюнча 2013-2017-жылдар үчүн 2 млрд 602 млн сом кошумча түрдө киреше салыгын төлөтүү чечими чыккан. Август айында салыктарды төлөөдөн качканы боюнча Айеркен Саимаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Августтун аягында Айеркен Саимаити Кылмыш жана жаза кодексинин 231-беренесинде каралган (өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу) кылмышты жасаган деп шектелгендиги жөнүндө сыртынан эскертүү чыккан жана Биринчи май райондук сотунун (5.09.2019-ж.) токтому менен ага карата камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.