www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Канышай Мамыркулова көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абсамат Масалиевдин Кадамжай райондунда жайгашкан үйүн көрсөттү. Бул тууралуу журналист өзүнүн Facebook баракчасына жазган.
«Абсамат Масалиев ата токпейил саясатчы болгон экен, мына үлгү….
Абсамат атанын келин-уулу жашайт экен, чоң үй салышыптыр, бирок, атанын үйүн ошол бойдон сакташыптыр…», - деп жазган Мамыркулова.
Кыргыз Эл баатыры Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. 1953-жылы Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун бүтүрүп, эмгек жолун көмүр шахтасында иштеп баштаган.
Катардагы жумушчудан Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгонго чейин жетишкен.
1985-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.
Өлкө эгемендик алып кыйын кезеңди башынан өткөргөн маалда да эл башкарган. СССРдин Жогорку Советинин жана Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты 2004-жылы 71 жашында көз жумган.
Булак: NazarNews.kg