www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биздин жаратылыш байлыктарыбыз көп, ошону туура пайдаланышыбыз керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Дүйнө боюнча экономика абдан түшүп кетти. Бирок экономиканын оор кырдаалдарынан чыгып кетүүнүн жолдору бар. Антпесе биздин мамлекет жоголуп кетет. Биздин мөңгү, сууларыбыз жана башка байлыктарыбыз абдан көп. Баарыбыз ошону менен сыймыктанып, туура колдонсок. Японияда биздикиндей жаратылыш байлыктары жок. Ошого карабастан алар абдан өнүгүп жатат. Андыктан бийликтен биринчи талап кылгандан мурда өзүбүздөн башташыбыз зарыл. Ошону менен катар өкмөт жана министрликтер абдан жакшы иштеши керек. Мисалы, экономиканын чыгымдарын кыскартпасак болбойт. Түшүп жаткан бажы, салык төлөмдөрүн туура пайдаланалы. Бюджетти үнөмдөп, өнүгүү багытына жумшасак. Министр, чоңдордун орун басарлары эле көп, бул ашыкча чыгым. Мисалы, экономика министринин 8 орун басары бар экен. Бул кандай болсун? Жөн эле чыгым болуп жатат. Экономика дүйнө боюнча жапа чегип жатса, биз чоңдорго ашыкча айлык маяна төлөп жатабыз. Мына айыл чарба, таала жумуштары башталды. Бирок күйүүчү май  абдан кымбат. Карапайым эл кантип айдоо иштерин жүргүзөт? Бийлик өкүлдөрү ушуларды эске алып, маселени тезинен чечиши абзел”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости