www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кумтөргө байланыштуу 30дан ашык комиссия түзүлдү”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.
--“Кумтөрдү ар бир келген бийлик жана өкмөт өзгөрткүсү келет. Айрыкча саясатчылар саясий дивиденд алгысы келет да. Ошону менен ызы-чуу башталат, тилекке каршы жыйынтык болбойт. Ушуга чейин Кумтөргө байланыштуу 30дан ашык комиссия түзүлдү. Бирок, бирөөнөн башкасы мамлекетке бир дагы пайда алып келген жок. Азыр дагы мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тилекке каршы ошол комиссиянын ишмердүүлүгүнө менин күмөнүм бар. Себеби, булар “кыска убакыттын аралыгында жыйынтык чыгарабыз” деп жатышат. 12 депутаттан турган комиссия түзүлгөн. Мен юрист катары айтып койоюн, алар мыйзам боюнча эксперттерден, өкмөт мүчөлөрүнөн жана башка тиешелүү адистерди чакыртып алууга укуктары бар. Андыктан баардык тараптан адистерди кошуп алса туура болмок. Мамлекеттин атынан сүйлөй турган президент эле бар. Садыр Жапаров чарба иштери менен алектенгени тура эмес. Депутаттардан түзүлгөн комиссия эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги комиссия түзүп койсок дагы бизге туура эмес болот”, - дейт Исабеков.
Булак: NazarNews.kg