www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөрдө экологиялык маселелер каралбай жатат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“Канадалык “Центерра” компаниясы менен түзүлгөн стратегиялык келишимдин зыяндуу жактары ачык айтылбай жатат. 2012-жылдан бери Кумтөрдө экологиялык коопсуздукка байланыштуу маселелер чечилген жок. Кен иштеп баштаганда калдык сактоочу жай 43 млн кубга чектелген. Бирок андан бери ага төгүлгөн таштандылар 2 эсеге көбөйгөн. Кыскача айтканда, кен дагы 10 жылдан ашык иштесе, калдык сактоочу жай көтөрө албайт. Калдык сактоочу жай курулган жок. Мөңгүлөрдүн үстүнө 2 миллиардга тоннадан ашык таштанды төгүлгөн. Ушул сыяктуу экологиялык маселелер каралбай жатат. Айлана-чөйрөнү коргоону коргоодо катачылыктар көп. Стратегиялык келишимге ылайык, Кыргызстанга түшө турчу каражат максаттуу сарпталуусун көзөмөлдөгөн механизм жок”, - дейт Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости