www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Центерра” Кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз деп белгилеген”,- деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук жана саясий ишмер Кубанычбек Исабеков.

--“2012-2013-жылдан тарта Кыргызстанда Кумтөрдү иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүү башталган. Экотехинспекция Кумтөрдө “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”, “жер катмары бузулган”, “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деген төрт доо менен сотко кайрылган. 2016-жылдын май жана июнь айларында Бишкектин район аралык соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырып, “Кумтөр Голд Компаниге” айлана-чөйрөгө келтирген чыгым үчүн 7 миллиард сомдук же кеминде 100 миллион доллар доо койгон.  2016-жылдын 30-майында “Центерра” Кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз деп белгилеп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келди. Кумтөрдө алтын казуу 2026-жылга барып токтой турганы белгиленген. Бирок өкмөт менен “Центерранын” ортосундагы соңку мунасага ылайык, канадалык компания алдыңкы эки жылда Кумтөрдө чалгындоо иштери үчүн кеминде 16 миллион доллар сарптамай болгон”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости