www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңеште сөгүнгөнүнө баа берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 26-ноябрда өтүп жаткан Элдик курултайга конок катары чакырылган Сапарбек Аргынбаев билдирди.
"Кимдин апалары тирүү? Жаштарга кайрылам, эгер кимдин апалары тирүү болсо Ташиевдин Жогорку Кеңеште сөгүнгөнгө баа бериш керек. Ал киши президентти көзүнө илбей ошол сөздү айтты. Трибунада элге кайрылып жатып айтты. Ошого дагы...", — дегенде убакыт бүтүп, микрофонду өчүрүп коюшту.
Залда отургандар кыйкырып микрофонун күйгүзүүнү талап кылышты эле, ага карабай курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев эрежени сактап, берилген убакыттан ашпай сүйлөө керектигин айтты.
Анын алдында Аргынбаев элди кошоматчылыкты токтотууга чакырып, ошентип жүрүп канча президентти аңга түртүшкөнүн белгилеген.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кетип, экинчисинин сөгүнгөнү байкалган. Ал жыйында кыргыз-өзбек чек арасын тактоо келишими каралып, президент Садыр Жапаров да катышып отурган.
Булак: NazarNews.kg