www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жолукту. Бул тууралуу 8-июнда Түркиянын Коргоо министрлиги Twitter баракчасына жазды.

Анда министр Хулуси Акар "Эфес 2022" аскердик машыгуулардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Измир шаарында жолукканы кабарланды.

Жолугушууда эки тараптуу жана аймактык коргонуу,коопсуздук маселелери, өзгөчө аскердик машыгуу жана коргонуу өнөр жайы боюнча пикир алмашуу болгону айтылат.

Түркиянын эң чоң "Эфес-2022" аскердик машыгуу иш-чарасына быйыл 37 өлкөнүн аскерлери катышууда. Измир шаарында өтүп жаткан машыгуунун биринчи этабы 9-майда башталган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда машыгууларга катышары да кабарланды.

Былтыр декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган.

Кыргызстан Түркиядан "Байрактарды" алып жатканын алгач 21-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын 23-октябрда айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости