www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен улуттардын Жалпы жыйынында кечээ күнү кечинде – Орусия өз аскерлерин Украинанын аймагынан чыгарып кетиш керек жана Донецк менен Луганск республикалары боюнча чечимин жокко чыгарууга тийиш деген токтом кабыл алынды. Маселе 25-февралда Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңешинде каралган, бирок Орусия токтомго вето салган жана ошондуктан талкуу Жалпы ассамблеянын кароосуна келген.
Тилекке каршы, Коопсуздук кеңешинин чнчимдеринен айырмаланып, Жалпы ассамблеянын резолюцияларын аткаруу милдеттүү эмес. Кыргызстан кечээ күнү Кытай, Индия, Армения, Казакстан, Таджикстан жана дагы 30 мемлекет менен кошо калыс калды. Өзбекстан менен Түркмөнстан добуш берген жок.
2014-жылдын март айында Кырым референдумун мыйзамсыз деп табуу маселеси каралганда, Кыргызстан, Таджикстан жана Түркмөнстан добуш берген эмес, Казакстан менен Өзбекстан калыс калган, Армения болсо Орусияны колдогон. Анда дагы маселе Коопсуздук кеңешинде каралганда Орусия чечимге вето салган жана 9 күндөн кийин маселе Жалпы ассемблеянын кароосуна коюлган. Кайсы бир мамлекеттен толугу менен көз каранды болгондо, эгемендүү добуш берүү өтө кыйын.