www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай америкалык эки коргонуу компаниясынын жетекчилерине АКШнын Тайванга курал сатуусуна катышкандыгы үчүн санкция киргизүү чечимин кабыл алды, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин. Бул тууралууу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.
«Кытайдын эгемендүүлүгүн жана коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кытай өкмөтү Raytheon Technologies компаниясынын төрагасы жана башкы директору Грегори Дж.Хейске жана Boeing Коргоо, Космос жана коопсуздуктун президенти жана башкы директору Теодор Колберт IIIгө санкция киргизүүнү чечти.
Кытай дагы бир жолу АКШ өкмөтүн жана тиешелүү тараптарды "Бир Кытай" принцибине жана үч кытай-америкалык биргелешкен коммюникеге катуу баш ийүүгө, Тайванга курал сатууну токтотууга, АКШ-Тайвандын аскерий байланыштарын үзүүгө жана кырдаалды курчутуучу факторлорду жаратууну токтотууга чакырат.
Кырдаалдын өнүгүшүнө ылайык, Кытай өзүнүн эгемендүүлүгүн жана коопсуздук кызыкчылыктарын бекем коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү улантат», - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.
Булак: NazarNews.kg