www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку айлардан бери Тик-Ток тиркемесинин жылдызына айланган Ийгиликти көпчүлүгүбүз жазбай таанысак керек. Анын ырчы Анжелика менен биргеликте тойдо бийлеген видеосу жарыяланды.

Аталган видео интернет желесине тарап, талкууга алынууда. Анда социалдык тармактын колдонуучулары Ийгилик Анжеликанын дагы көз жаздымында калбаганын айтып, анын популярдуулугу дагы да арта баштаганын жазышууда.

Белгилей кетсек, Ийгилик Асанов кыргыз Тик-Тогун багындырган 18 жаштагы жигит. Анын белгилүү "Порш Панамера" аттуу ырга тарткан видеосу 5 миллионго жакын көрүүчү топтогон. Кийин анын Инстаграм баракчасын блоктоп кетишкен. Кайра жаңы баракча ачкандан тарта Ийгиликтин 15 миңден ашык катталуучусу бар.

Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Бирлик айылынан болот. Учурда Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинде физика багытында окуйт. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости