www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бул видеону карап отуруп азыр адамдарды каралап коюш эч бир көйгөй эмес экенин түшүндүм. Мынча көрө албас мынча ичи тар калкпыз. Ойдологон мен деген кыргыздын азаматтарын буттан тартып, камап куугунтуктап отуруп эмне таптык. Анан дагы өнүкпөйбүз деп кыйкырабыз. Өзүбүздөн баштабайлыбы өнүгүштү... Мына тарыхка кайрылбайын кечээги эле Мырзакматовду кубаладык, Жапаровду камады,  тың чыкма бизнесмен Бабанов качып кутулду. Бирок пешенебизге ыймандуу президент келип баарын акырындап ордуна коюп келе жатат. Бабанов келди. Текебаев акталды. Жапаровду да буюрса жакынкы күндөрү актайт. Мырзакматовго да ырайым берээр. Эми асылгандары Раим Матраимов болду да калды. Жамандан жаан жакшыдан бөөн дегендей Чыңгыз агабыздын атын баласы булгады эле, Германиядан келген гумжардам дарыларды сатып жиберип. Жок жерден жалаа жаап, жок эле нерсени монтаж кылып, интернеттеги рекламалардан алып, жармаштырып жазыптыр. Ким укук берди минтип, шантаж уюштурганга? Жалаа жаапканы үчүн, сот алдында жооп берээр күнүңүз да келээр. Бул Матраимовдор ыймандуу экен деп койдум мен өзүмчө олтуруп. Болбосо ушул кылыктарыңыз үчүн сизге да арыз жазса болмок. Кой бир арзанга убактымды кетирбейин деген сайын сиз күчөгөндөйсүз. Сабырдуулугун коркту деп жаткандайсыз. Сизге да кезек келет. А сиз менин оюм менен келишпесеңиз ал сиздин ойуңуз. Раим Матраимов эки жылдан бери иштебейт. Бир туугандар арасында чогулуп ачып алган түрдүү багыттагы бизнестери бар. Таң калганым эки жыл мурун мамлекеттик жумуштан кеткен Матраимовго асылганы. Кумтөрдөн алган доляңыз жетишпей жатабы?  Атамбаевдин сөзүн кайталап УУРУ ТҮРМӨДӨ ОЛТУРУШ КЕРЕК деген сөз өз башыңызга келишин ойлоңуз. Атамбаев кечке көрүнгөндү ууру түрмөдө олтуруш керек деп какшанып, күнөөсү жоктордун убалына калган. Сиз да Атамбаевдин ырын ырдап жатасызбы?  Далилде, далилдебесеңиз "Азаттыктын" журналисти Алиге окшоп шерменде болоорсуз. Бирок сизге шермендечилик деле таасир этпей калгандай. Өзүңүз бир кыргыз элине жакшылык кылып, кызмат кылдыңызбы?  Бирөөлөргө жалаа жаап шалпактап ар жерде жүргөндөн башка. Атаңдын кадыры менен "Ата Мекен" менен Жогорку Кеңешке депутат кылып коюп, кылган кылыктарыңдан, жардамчыларың менен шапар тээп жүргөнүңдө, кетире албай, жогото албай тажашкан. Эми "Үмүт-2020" деп, дагы кимдин башын айлантып, кимге жармашышыңды билбей жатасызбы?  Раим Матраимовго жалаа жаба албайсыз.  Алиге окшоп уят, шерменде болуп, абийириңиз айрандай төгүлөт. Интернеттеги рекламаларды монтаж кылып көрсөткөндөн уялбадыңарбы? Матраимовдун Дубайдан үй сатып алганын далилдеп бере аласызбы? Дубайдан квартира сатып алган Кыргызстандык жарандардын тизмесин сиз билбейт экенсиз. Сиз сураңыз, мен айтып берейин. Ошондо өз айланаңыздагы канчалаган адамдардын башы көрүнө тургандыгын билесиз. Сиз, адегенде чөйрөңүздөгү адамдардын чет мамлекеттеги вилла, квартираларын тизмектеп, айтып чыгыңыз. Жок эле квартираны Матраимовго жармаштырбай. Бүт коомчулук билет Дастан Бекешов экөөң кимден кандай тапшырма алып Раим Матраимовго жабышып, асылып жатканыңарга.   Абдан таң калыштуу. Бул президенттен эч нерсе таба албаганда Раим Матраимовду жабыштырып көө жабуу максатта ойлонуп табылган АША экөөңдүн планыңар. 

Али Токтакунов бүтүп, эми кыргызды дүрбөлөңгө салуу сага кезек келдиби? Элге тынчтык бересиңерби, жокпу? Кыргызстанда Раим Матраимовдон башка эрмек кыла турган маселе жокпу?",- деп Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Айкөкүл Асылбекова өз ойун билдирди.

Последние новости