www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышы да акыркы жылын иштеп жатат. Ана-мына дегиче жыл жаңырат да, парламенттин 7-чи чакырышы шайлана турган 2020-жыл кирип келет. Сөз болуп жаткандай 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчыларда уйку жок. Мурун-кийин депутаттыктын даамын «татып» алгандар, азыр «татып» жаткандар жана «таткысы» келгендер ар тарапта чабагандап жүрөт. Бүгүн коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жаткан өзөк, шайлоонун босоголук чеги. Маалым болгондой азыркы парламенттин босого чеги 9%дык чек. Башкача айтканда шайлоого катышкан партиялардын кимиси жалпы шайлоого келген шайлоочунун 9% добушун алса Жогорку Кеңештин босогосун атоого мүмкүнчүлүк алышат. Мына ушундан улам «саясий элита» түн уйкудан калып чуркап жүрү. Алардын көтөргөн демилгеси, «Парламенттик шайлоонун босого чеги 9%дан ылдый болсун!» деген ураан.

Айрыкча кийинки шайлоодо өтпөй турганына көзү жетпеген саясатчылар шайлоодо партиялардын өтүү босоголук чеги 9%дан ылдый болуш керек дешип, а түгүл босоголук чекти 3%га түшүргүсү келгендер жок эмес. Баам салып карасак ошол 3%га түшсүн дегендер мурунку парламенттик шайлоодо араңдан зорго 3%га илингендер экен. Чын-чынына келгенде парламенттик шайлоо 9%дык чек менен өтсө күчтүү атаандаштык менен өтөөрү бышык. Ал эми 3%дык чек менен өтсө парламентке 10го чукул партиянын киришин күтө берсек болот. Анда эле ЖКнын ашмалтайы чыгып, улам коалиция бузулуп, улам куралып, өкмөттүн иштешине жолтоо болуп, экономиканы артка тартаары турган иш. Шайлоонун босоголук чегин ылдыйлаталы дегендердин сап башында Жогорку Кеңештеги «Республика АтаЖурт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев болду. Эң кызыгы так ушул Жээнчороев 2017-жылы парламенттик шайлоонун босоголук чеги 9% болсун деген демилгенин автору эле. Анда ал: «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 200дөн ашуун партия бар, алардын башчылары толкундануудан азап чегип, ортосунда бириктирүүчү идеология жок.

Босогону 9%га чейин жогорулатуу лидерлердин диалогуна жана экономикалык туруктуулукка алып келет» деп айткан. Босоголук чекти 9%га көтөрүү үчүн бар аракетин жумшап атып, аны ишке ашырган. Аны менен бирге көпчүлүк депутаттар туура көрүп, босоголук чекти көтөрүү боюнча мыйзамды жактырышкан. Эми эсине жара чыккан Жээнчороев ал сөзүн унутуп калганбы же кожогону ушундай тапшырма бергенби же тамаксоо неме 2017-жылы эмне деп айтканын тамак менен кошо жеп алганбы, айтор бүгүн башкача сүйлөп атат. Жогоруда эки жыл мурун айткан сөзүн толук бердик. Эми бүгүн: «Негизи босоголук чекти төмөндөтүү боюнча демилгени колдоо керек. А бирок 3%дык чек, биздин өлкө үчүн өтө аз болуп калат. Себеби учурда партиялар абдан көп. 3%дык босого чекти алуу үчүн 50 миң гана добуш керек. Андыктан 5% кылсак, ортодогу баланс сакталат. Ал эми шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт» деп баштады. Өз сөзүнө өзү каршы чыккан эл өкүлү өзүнүн «маскасын» өзү сыйрып берип койду. Мирлан Канатбековичтин анык жүзүн билип алдык...

Саясатчылар босоголук чекти ылдыйлаталы деп ач айкырык салбай, биригүү жолуна барып, партиялык тизмени бекитип атканда эл ишеничиндеги адамдарды жаңылбай тандаса эле босоголук чек экинчи маселе болуп калмак. Дегенибиз, кайсы партия болбосун тизме бекиткенде аймактарда кадыр-баркы бар адамдарды тизмеге кошот эмеспи. Ар бир талапкер өзүнө бөлүнгөн аймактан 9-10% добуш алып берсе эле жетиштүү добуш топтолгон атпайбы. Эгер ал талапкер өз аймагынан 9% добуш ала албаса анда ал талапкер кантип депутат болот? Элдин 10% колдоосуна ээ болбогон киши кантип элдин маселесин чечет? Жогорку Кеңештин шайлоосу эмес, айылдык кеңештин шайлоосуна катышкан талапкерлер айылынын дээрлик 60-70% добушун алган учурларга күбө болуп эле жүрбөйбүзбү! Акырында айтаарыбыз, Жогорку Кеңешке партиянын өтүү босого чегин ылдыйлатабыз дегендин ордуна кайсы талапкер өз аймагынан 9%дан ашык добуш ала алат деген негиз менен партиялык тизме түзүүнү мезгилдин талабы болуп турат.

Булак: «Майдан.kg»

 

 

 

Последние новости