www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн казактардын дүйнөлүк деңгээлдеги популярдуу ырчысы Димаш Кудайбергендин жеке концертинде ал биринчи ирет фанат-күйөрманы менен бирге дуэт ырдап чыкты.

Бул тууралуу Казакстандын «Казинформ» мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, популярдуу артист менен индонезиялык Римар аттуу кыз Димаш мындан бир нече жыл мурун жазган “Унутулбас күн” аттуу ырды казак тилинде ырдашкан жана ал көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган.

Концертке чейин Димаш Римар экөөнүн чогуу ырдап, ага даярданып жатышкан үзүндүлөрдү жарыялаган.

«Мен биринчи жолу Димаштын “Adagio” аттуу ырын сахнада ырдап чыкканын көргөнмүн. Ошондон бери анын фанаты болуп калдым. Димаштын ырлары мени ойготот. Анын ырлары мени мыкты, өз алдынча болууга умтулууга түрткү берет. Мен Димашка анын Санкт-Петербургда боло турган концертине катышкым келээримди айтып кат жазгам. Жооп катары ал мени аны менен бирге дуэт ырдап чыгуу сунушун берди. Биз бул дуэтке даярданбадык, ырды болсо концертке болгону эки күн калганда гана тандадык. Бул менин турмушумдагы биринчи жолку чоң сахнага чыгуум болду, абдан толкундадым. Бирок, менин кумирим менен бирге ырдап жатканымды ойлогондо, ал толкундоолор жок болуп, өзүмө болгон ишеним пайда болду», - деп пикирин бөлүшөт Римар орус маалымат каражаттарына. Булак: NazarNews.kg 

Последние новости