www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9 айда микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 22 млрд. сом суммасында насыя берилип, алуучулардын саны 460 миң адамга жакындады. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 35 %га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү — 32,8 %га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык кызматы билдирди. Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунда болуп, жалпы насыянын көлөмүнүн 21,0%ын түздү.

Бишкек шаарына 19,1%, Жалал-Абад 14,1 % жана Чүй облустары үчүн 13,9% насыя берилген. 9 айда берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 31,8 %ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 26,5 %ы керектөөчүлүк муктаждыктарга, 12,7 %ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды. Микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли 9 айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 0,7 %га азайып, 93,5 %ды түздү.

Булак: "Мантыш"

 

Последние новости