www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руккола өсүмдүгү адам баласына бир нече миң жылдан бери белгилүү. Бул керемет көк чөп жер планетасынын Антарктидадан башка жердин баарында өсөт. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык ашканасында аталган жыттуу өсүмдүктү кеңири колдонушат. Рукколаны күнүмдүк тамак рационуңузга анын керемет даамы үчүн жана пайдалуу витаминдерге бай экендиги үчүн кошконуңуз туура болот. Демек төмөндө анын пайдалуу касиеттери тууралуу сөз кылабыз.

РУККОЛАНЫН 10 ПАЙДАЛУУ КАСИЕТИ

1. Организмди тазалайт

Руккола антиоксиданттардын мыкты булагы болуп саналат. Ал эми антиоксиданттар өз кезегинде эркин радикалдарды жок кылып, клеткалардын өмүрүн узартат. Организмдин картаюу процессин жайлатат. Руккола зат алмашуу процессинде зыяндуу заттардан тазалап, токсиндерди, шлактарды жана оор металлдардын туздарын жок кылат.

2. Сөөктөрдүн бекемдигин камсыздайт

Руккола К витаминине бай. Бул витамин сөөктөрдүн түзүлүшүндө жана калыбына келишинде маанилүү ролду ойноп, остеокальцийдин синтезине башкача айтканда кальцийдин пайда болушуна жардам берет. Мындан тышкары Альцгеймер дартынын алдын алат. Руккола бөйрөктө таш пайда кылуучу оксалат затынын аз өлчөмүн камтыйт.

3. Иммундук системаны бекемдейт

Руккола көк чөбү шамалдоого бат чалдыккан жана инфекциялык оорулар менен жабыркаган адамдар үчүн өтө пайдалуу. Рукколанын курамындагы нутриент заты организмдин иммундук коргоо касиетин көтөрөт жана ар кандай инфекцияларга каршы турууга жардам берет.

4. Рак ооруларынын алдын алат

Рукколадагы фитохимиялык заттар залалдуу шишиктердин пайда болушунун алдын алат. Көк чөптүн курамындагы глюкозинолат заты мирозиназ ферментинин катышуусунун аркасында изотиоцианат затына айланат. Бул зат өз кезегинде залалдуу шишиктерге каршы активдүү зат болуп эсептелет. Бул байланыштар эркин радикалдарды жок кылуу менен гана чектелбестен, пайда болуп калган залалдуу шишиктердин андан ары өсүүсүн жана көбөйүүсүн токтотот. Изилдөөлөрдүн негизинде рукколанын курамындагы заттар көкүрөк рагынын, табарсык рагынын жана жоон ичеги рагынын пайда болуусунун алдын алат.

5. Кош бойлууларга пайдасы

Келечекте эне болом деген айымдар өз рационуна рукколаны киргизүүлөрү керек. Көк чөптүн бул түрү түйүлдүктүн нерв системасынын калыптанышына жана ички органдардын нормалдуу өөрчүшүнө таасир эткен фолий кычкылына бай келет. Мындан тышкары руккола кош бойлуу айымды ар кандай жугуштуу оорулардан коргоп, курсактагы балада ар кандай патологиялардын жаралышына тоскоолдук кылат. Көк чөп иммунитетти көтөрөт. Бала эмизгендердин сүтүнүн көбөйүшүнө таасир бере алат.

6. Метаболизмди жакшыртат

Рукколанын дагы бир пайдалуу касиети-бул анын курамындагы В витамини. Бул витамин өз кезегинде организмде зат алмашууну жакшыртып, май клеткаларынын чогулушуна терс таасир этүү менен бирге кишинин салмагынын көбөйүшүнүн алдын алат. Изилдөөлөрдүн негизинде тиамин (витамин В1) жана ниацин (витамин ВЗ) витаминдери зат алмашуу менен бирге биртоп процесстерге катышат. Ушул витаминдердин бирөөсү жетишсиз болсо, анда организмде чарчоо пайда болуп жана нерв системасынын функциялары бузулат. Жыйынтыгында булчуңдардын кыймылы начарлап, метаболизм жайлайт.

7. Көрүүнү жакшыртат

Руккола каратиноиддердин (бета-каротин, лютеин, зеаксантин) булагы болуп эсептелет. Бул заттар карылыкта көздүн көрүүсүнүн начарлашынын алдын алат. Аталган заттардын курамы көздүн көрүүсүн жакшыртып, күн түз тийгенде болуучу ультра сыя нурлардан сактайт.

8. Организмге манилүү витаминдер менен минералдардын ташуучусу.

Курамындагы кальцийдин өлчөмү боюнча руккола шпинатка окшош, бирок оксалаттар аз. Көк чөптүн бул түрү кальцийди толуктоонун дагы бир булагы. Руккола нерв системасынын ишин жакшыртат. Ар дайым аталган көк чөптү тамак-ашка колдонуп жүргөндөр депрессиядан алыс болуп, жөнү жок тынсыздануулардан арылат. Мындан тышкары руккола кан басымы жогоруларга, кан тамырлардын тартыштыгында жана тромбофлебит ооруларында пайдасы арбын.

9. Салмак таштоого жардам берет

Руккола арыктайм деп тилек кылгандардын жакын досу, башкача айтканда сүйүктүү чөп-чары. Анткени анын ашыкча салмактан арылууда чоң жардамы бар. Бул чөп диеталык мүнөзгө ээ, 100 граммда 25 гана килокалорий бар. Руккола заара кубалоочу касиетке ээ. Бул болсо организмдеги суу-туз балансын бир калыпта кармап, майларды ээритүүгө катышат.

10. Ден соолукту жакшыртат

Көк чөптүн жашыл жалбырактары көп өлчөмдөгү клетчаткаларга бай. Клетчаткалар ашказандын микрофлорасына оң таасир берет. Мындан тышкары руккола гемоглобинди көтөрүп, курамындагы А витамини тери, чач жана тырмактар үчүн дарылык таасирин берет. Бул өсүмдүктүн жаш көчөтүндө көп өлчөмдө йод бар. Деңиз азыктарын жебегендер үчүн табылгыс көк чөп. Анан да руккола афродизиак болуп саналат!

КАЙСЫ ТАРМАКТА КОЛДОНУЛАТ

Рукколанын өзүнө таандык ачуу-жаңгак даамы болгон үчүн жер ортолук деңиз жана италия ашканасында өтө популярдуу азык болуп саналат жана ал жакта кеңири колдонушат. Анын жалбырактары жана гүлү кулинардык багытта колдонулса, анын уругунан май алышат жана горчица жасашат. Горчица рукколага тиешелүү өзгөчө даамга жана жагымдуу жытка ээ. Рукколанын дээрлик зыяны жок. Болгону аталган көк чөпкө аллергиясы барлар гана этияттык менен колдонушса болот.

Булак: "Мантыш"

 

 

Последние новости