www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү аларга таандык кымбат баалуу автоунаалар коллекциясынын бир бөлүгүн Нью-Йоркто сатууга чыгарды. Бул тууралуу казактардын kz.media интернет басылмасы өздүк булактарына таянып, тизмеси менен кошо жарыялады.

Сөз негизинен Назарбаевдин улуу кызы, учурдагы Казак парламент сенатынын төрайымы Дарига Назарбаевага тийешелүү кымбат баалуу автоунаалар туурасында болуп жатат.

Жакында сатылууга коюлуучу бул тууралуу маалымат алгач “Guernsey’s” аукцион үйүнүн сайтына жарыяланып, кийинчерээк кайра андан алынып салынган.

Дарига Назарбаева сатам деп жаткан автоунаалардын болжолдуу тизмеси төмөндөгүдөй: Ferrari F40; Ferrari Testarossa; Бугатти Вейрон; Ламборджини Миура; Lamborghini Murcielago; Ламборджини Урус; Koenigsegg Agera S; Pagani Zonda жана Альфа Ромео 8С. Уникалдуу бул 9 автоунаанын баасы болжол менен 13 млн. долларга бааланган. Бирок, бул аукциондун баштапкы баасы гана, ал эми акыркы баасы канча болоорун бир кудай билет.

Каражаттардын инсайдеринин маалыматы боюнча, аукцион алгач декабрь айына этегине пландалган. Бирок, иш-аракеттин акыркы учурларында муну 2020-жылдын биринчи кварталына которууну чечишкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости