www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ляонин провинциясындагы Далянь шаарында кичи автобустун айдоочусу цемент ташуучу унаа менен кагылышып, аман калды. Бул тууралуу видеону Лента.ру порталы бөлүштү.

Көзөмөлдөөчү тасмадан цемент ташуучу унаадагы адам рулду башкара албай, токтоп турган ак фургонду сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Микроавтобустун кабинасын "түздөп" өткөн жүк ташуучу унаа дагы 20 метр аралыкты айдап, бордюрду бузуп, жол чырактын устунун кагып, жолдун четинде турган башка унааны сүзүп кеткен. Цемент ташуучу унаанын айдоочусу өз алдынча унаадан чыгып качып кетүүгө үлгүргөн. 

Кырсыктын күбөлөрү куткаруучуларды чакырышкан. Алар айдоочуну кичи автобустан чыгарышкандан кийин буту сынып кеткени билинген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды, анын өмүрүнө коркунуч жок. 

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости