www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус президенти Александр Лукашенко Орусияга иш сапары менен келгенин Sputnik Беларусь өлкө башчысынын маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

«Беларусиянын №1 учагы Благовещенск аэропортуна конду. Өтмөктөн мамлекет башчысын Амур облусунун жана Благовещенскинин жетекчилиги, ошондой эле бир күн мурун келген беларусиялык делегациянын мүчөлөрү тосуп алышты», — деп айтылат маалыматта. .

Беларус президентинин басма сөз кызматы мурда кабарлагандай, сапардын алкагында Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эки өлкөнүн лидерлери Амур облусундагы «Восточный» космодромуна барышат, анын инфраструктурасын курууга беларус адистери да катышары күтүлүүдө.

Мамлекет башчылары учуруу комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышат, учкуч-космонавттар жана космодромдун кызматкерлери менен баарлашат.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, космодромдо президенттер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, жамааттык Батыштын санкцияларына каршы биргелешкен чараларды, аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалды, Украинадагы окуяларды талкуулашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости