www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксаат берүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишинин корутундусу эртең, 22-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат.
Бул жагдай боюнча Адахан Мадумаров өз пикирин билдирди:
"Кесиптештерим кандай кырдаал түзүлсө, ошол кырдаалга жараша добуш беришет. Бул жерде чынтыкты билүү максат эмес. Бир гана максат - Мадумаровдон трибунаны алуу, Мадумаровдон микрофонду алуу, Мадумаровдон Жогорку Кеңешти тазалаш. Бул менимче Жогорку Кеңешке берилип жаткан чоң белгилердин бири.
Бул мисалдар “мына көрүп жатасыңарбы, эгерде биз айткандай болбосо, баарибир биз башкача чечим кабыл алып коюшубуз мүмкүн” деген күчтү көрсөтүү.
Экинчиси, Мадумаровдун мисалында өз алдынча пикир айткан киши менен биз сот аркылуу эсептешип коюшубуз мүмкүн. Болгондо дагы ушак токуган фабрикалардын жардамы менен. Ошондуктан Жогорку Кеңеш кандай чечим кабыл алынат бизге окшогон өлкөдө айтыш өтө кыйын. Бирок Жогорку Кеңеште дагы ишарат болмоюнча бир сөз айтылбайт. Ишарат эптеп Жогорку Кеңешти эл алдында жаман көрсөтүп, такыр эле сөзгө келбей турган болсо Жогорку Кеңештен кутулуу", - дейт ал.
Эске салсак, 2023-жылы 31-майда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Мадумаровго "Кылмышка даярдык көрүү", "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийликтен аша чабуу" беренелери боюнча жоопко тартуу сунуштамасы түшкөнүн билдирген.
Булак: NazarNews.kg