www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хатлон облусунун Кубодиён районунда май куюучу станциялардын биринде жарылуу болуп, бир нече киши жабыркады. Тажикстан ИИМи кабарлагандай, 21-февралда түштөн кийин "Ориё нефть" компаниясына тиешелүү станцияда май сакталган челектердин бири жарылган.

Ал жерге алты өрт өчүрүүчү унаа барды, жалын 280 чарчы метр аянтты каптады. “Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин жыйынтыгында өрттүн турак жайларга жайылуусуна жол берилген жок”, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Май куюучу станциядагы жарылуу учурунда 13 киши ар түрдүү денгээлде күйүк алды. Мындан тышкары 7 автоунаа зыянга учурады, ири мүйүздү эки мал өлдү.

Кубодиён райондук ооруканасынын башкы дарыгери аларга жабырлануучулардын ичинен алтоо жеткирилгенин, бирөөнүн абалы оор экенин билдирди.

Жарылуунун себеби аныктала элек.

2021-жылы июнда Хатлон облусунуна караштуу Балхи районундагы май куюучу станцияда өрт чыгып, 9 киши жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости