www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү президент «Манас айылы» этнокомплексине барып, аны кайра куруу пландары менен таанышты. Айыл 1995-жылы «Манас» эпосунун миң жылдыгына карата курулган, алгач ал мэриянын менчиги эле, 3 жылдан кийин «Бишкек» эркин экономикалык аймагына берилген, бирок анын дирекциясы комплексти сактап же өркүндөтүү үчүн эч нерсе жасаган эмес.

«Манас айылын» жаңылоого Маданият министрлиги даяр экенин билдирген, бирок ан үчүн комплексти министрликке өткөрүп бериш керек эле. Эми «Ысык-Көл» мейманканасы бузулуп, анын ордуна президенттик администрациянын жаңы имараты курула тургандыктан, ага президент өзү кызыгып калганын түшүнсө болот.

Жаңы план боюнча, «Манас айылынын» аянты дээрлик 3 эсеге кеңейтилет, анын аймагында «Манас» музейи менен «Манас» театры пайда болот. Бир гана тилек – жаңылоо иштерине адис дизайнерлер менен ахитекторлор тартылса, антпесе «Манас айылы» – Чолпон-Атадагы «Рух-ордо» сыяктуу, башаламан айыл болдон кала берет.

Последние новости