www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун неберелери – Лола Каримова-Тилляеванын кызы Марьям Тилляева, Гүлнара Каримованын уулу Ислам Каримов жана кызы Иман Каримова Лондондо жолугушту. Ислам менен Марьям үчүн бул 13 жылдан берки алгачкы жолугушуу.

Марьям Тилляева бирге жолугушкан учур тартылган видеону Инстаграмга жарыялады. "Мой Исламик, 13 лет спустя", - деп жазды ал.

Кыз комментарийлердеги суроолорго жооп берип жатып, Лондонго Кенже Ислам Каримов жана Иман Каримова менен жолугуу үчүн келгенин жазды.

Соцтармактын колдонуучулары Ислам өтө өзгөрүп, арыктап кеткенин белгилешти.

Марьям Тилляева Телеграмга да пост жарыялап, көп убакыт байланышпаганы үчүн туугандарынан кечирим сурады.

"Исламка, Имашка, мен силерди өтө жакшы көрөм жана аягына чейин силер мененмин. Көп нерседе балалыгым жана акылсыздыгым үчүн кечиргиле. Үй-бүлөнү тандай албайт экенбиз, бирок балдарыбыздын жыргалчылыгы үчүн кабыл алабыз. Биздин ата-энелерибиздей эмес экенибиз анык: биздин өз жолубуз бар. Биз чоңоюп, жетилгенде дайыма бири-бирибизге жөлөк болобуз деп ишенем. Мен силерди жакшы көрөм", — деп жазды Марьям Тилляева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости