www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лионель Месси Америка Кошмо Штаттарында «Интер Маями» клубунун намысын коргоп баштады.

Ал АКШ жана Канаданын футбол боюнча лигаларынын кубогу үчүн мелдештин тайпалык оюндарынын 1-турунда Мексиканын «Крус Асуль» клубуна каршы ойноду. Месси оюнга 54-мүнөттө кошулду. Ал кезде эсеп 1:0, «Интер Маями» алдыда болчу.

Андан кийин эсеп 1:1ге айланды.

Оюндун соңуна чыгарына аз калганда «Интер Маями» айып соккуга ээ болуп, топту Месси алып, экинчи голду киргизди.

Жыйынтыгында Мессинин командасы 2:1 эсебинде жеңишке ээ болду.

Последние новости