www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция Пакистандын жарандарына өтө зарыл болбогон учурда ушул тапта жашап жаткан мейманканалардан же батирлеринен чыкпоону сунуштайт. Ошондой эле алар эпидемиологиялык талаптарды бузбашы керектигин Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, мындай сунуштар пакистандыктар гана эмес, бардык чет элдиктерге тиешелүү.

Милиция Пакистандын жарандарына өтө зарыл болбогон учурда ушул тапта жашап жаткан мейманканалардан же батирлеринен чыкпоону сунуштайт. Ошондой эле алар эпидемиологиялык талаптарды бузбашы керектигин Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, мындай сунуштар пакистандыктар гана эмес, бардык чет элдиктерге тиешелүү.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда көчөдө Пакистандын жарандары көбөйгөнү тууралуу маалыматтар тараган. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги алар мындан ары Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Аравиясына иштөө үчүн бара жаткан жарандар деп түшүндүргөн.

Июль жана август айларында пакистандыктар Кыргызстанга 7 500 туристтик виза алышкан. Алардын басымдуу бөлүгү өз мамлекетинен түз аба каттам жок болгондуктан Кыргызстанга араб өлкөлөрүнө учуп кетүү максатында келишет. Ошондой эле министрлик Пакистандын элчилигине шилтеме берип, бул жакка келип жаткан жарандардын бардыгы өз жеринде коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн кабарлады.

Мындан тышкары, тышкы саясат ведомствосу Пакистандын жарандарына виза берерден мурда ар кандай жагымсыз окуяларды алдын алуу үчүн улуттук коопсуздук органдары тарабынан милдеттүү түрдө текшерүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости