www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү таратты.

Андагы маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын башында, тагыраагы, февраль айында болгон. Ишкердин мурунку аялы анын бизнесин рейдерлик жол менен тартып алуу үчүн милициянын эки кызматкерине - Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын эки кызматкерине акча төлөп, анын машинесине баңги зат таштап каматуусун буйрутма берген. Милиция кызматкерлери ишкердин машинесине 32 грамм гашиш таштап, аны колго түшүрүү менен ал буйрутманы аткарып беришкен.

Учурда кармалган эки милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси менен кылмыш иши козголуп, алар СИЗО-1ге камакка алынышты.

Эске сала кетсек, ушул апта башы парламентте укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитеттин жетекчиси Наталья Никитенко 2019-жылдын сегиз айынын ичинде төрт миң милиция кызматкери тартип бузганын билдирген.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 31 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгонун, күнөөсү далилденсе, бири да жазасыз калбай турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости