www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай пикирин Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "Азия news" гезитине берген маегинде билдирди.

"Аксы окуясы үчүн өлкө президенти катары менде моралдык жоопкерчилик бар экенин ачык айтып келгем. Аксы трагедиясы - бул менин өкүнүчүм, кайгым. Эгерде укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин катачылык иш-аракеттери жана чагымчылдардын кыянаттыгы болбогондо, Аксы окуясына жол берилмек эмес. Ал окуя болгон күнү мен чет жерде командировкада элем. Бишкекке келээрим менен биринчи вице-премьер-министр Николай Танаев жетектеген авторитеттүү комиссия түзгөм. Анын курамына белгилүү коомчулук өкүлдөрү жана укук коргоочулар киришкен", - дейт анда Акаев.

Ал андан ары Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коопсуздук кеңештин жыйыны ачык өткөнүн, ал түз эфирде көрсөтүлүп, трагедиянын себептери, жүрүшү элге жарыяланганын, эл чындыкты толук угуп-көргөнүн, жыйындын натыйжасында премьер-министр, президенттик администрациянын жетекчиси, ички иштер министри, Жалал-Абад облусунун губернатору кызматтарынан алынып, айрым кызмат адамдарына кылмыш иши ачылганын айтат.

"Ал эми Аксы окуясын кайра-кайра козгоп, күнөөнү жалгыз мага оодарууга аракет кылып жүргөндөр өздөрүнүн жеке жана саясый кызыкчылыктарын көздөгөн саясатчы пенделер экенин баса белгилегим келет", - деп жыйынтыктайт кабарчынын Аксы окуясы тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости