www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүм адабияттын бардык жанрларында тең иштеп, көбүнчө сатиралык калемимди тиштеп, чыгармаларым аркылуу окурмандардын жүрөгүнө аз да болсо жылуулук тартуулап жүргөнүм менен, гезит сатуу аркылуу эптеп тирилик кылып келем. Кээде коомдун мителерин жайлап, жазсам да тамашаларды кайнак, андан чыга элек азырынча майнап. Себеби, сатириктерге чоңдор тарабынан болбойт экен колдоо. Андан көрө жыргамак экем болсом эгер молдо. Муну мен чыгарып жазып жаткан жерим жок ойдон. Бир редакторго жолуккам кебетесинде абдан тойгон. Ал иштетип-иштетип алып бир тыйын да калем акы бербей койгон.

Ушинтип тарта берем убайым. Эми уруксат берсеңиздер, аңгемемди уйкашы жок эле улайын.

Деген менен эл арасында аздыр-көптүр кадырым бар шекилдү. Көчөдөн кезиккен бир бейтааныш киши:

— Сени тааныдым, айланайын! Окуп жүрөм жазганыңды дайым. Гезитке сатираларың сүрөтүң менен кошо дайыма чыгып жүрөт. Доошумду чыгарып окуганда кемпирим да күлөт. Келтирип сөздүн мазасын, аябай жакшы жазасың. Калемиң курч, сөзүң мурч. Эми тилегим бар китебиң чыгарса деген. Бир чер жазыла окуйт элем, — деп колумду кыса-кыса кармады да, анан батасын берип, жолго түштү.

Кудайга шүгүр, ушул кезде китебиңди окуйт элек дегендер көп. Алар үчүн жазгым келет чыгармаларды келишкен төгөрөгү төп.

Эми мени түйшөлткөн нерсе ушул: ашыкча каражатым жок, китебимди кантип чыгарам? Китеп баягы жылдардагыдай шуулдап тездик менен сатылып турса бир жөн эле. Басмакананын башчысынан суранып, карыз жолу менен болсо да чыгарып, тез аранын ичинде акчасын кайтарып бермекмин кубанып. Тилекке каршы, окурмандардын табитин кыргыз тилине күйбөгөн, адабиятты сүйбөгөн айрым бизнесмен-сөрөйлөр бузуп салышкан, илдет болуп адабиятка жабышкан. Кантип? Таланттуулардын оокатын ошолор зордук-зомбулук менен тартып алышкан. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген сөз бар го! Алар антишкен жок. Кайра, адабият дүйнөсүнө өтө булганыч, сасык, суук колдорун матырышып, китеп чыгаруу бизнесине асылышып, акчаларды сапырышып, жомоктогудай жыргап-куунап эле жатып калышты, чиркин! Тоюшпады. Ал тургай, бирөөлөрдүн чыгармаларына, котормолоруна, муундан-муунга айтылып келе жаткан жомокторго “автор” болгонго, өздөрүнүн коошпогон фамилияларын койгонго чейин барышты. Алар табиятынан элди алдоо “спорту” менен машыгышса, чыгарманын жакшы-жаманын ылгабай туруп китепке айланышы үчүн ашыгышса, анан мындай ойго келесиң: бирөөлөрдүн маңызсыз жазылып калган китебинен кантип окурман ирээнжибесин. Ирээнжип гана тим болбостон ошол жүзүкаралардын азабынан бетсиз, андан кийинки чыккан жакшы китепти да окубай койоору шексиз. Элдик чыгармаларга дагы “свежий авторлордун” пайда боло калып жаткандыгы чындык калетсиз.

Баса, сөзүмдүн башында белгилегендей, гезит сатып жүрүп элге таанымал кашкасындай аттын, көп эле белгилүү адамдар менен учураштым. Бир жолу өлкөбүздүн азыркы президенти Сооронбай Жээнбеков (мындан көп жыл илгери) менин колуман эки-үч газета алган соң:

— Канча сом берем? — деди эле, мен аны бир тууган агамдын жакын таанышы катары сыйлап:

— Сооронбай аке, сиз үчүн бекер… акчасын албайм, — дей койбоймунбу.

Муну укканда ошол кездеги болочок президенттин ачуусу келе түштү:

— Эмне, сен өз эмгегиңди башкаларга жедирип жүрө бересиңби? Өзүң тирилик кылайын деп болоор-болбос пайда көрүп жатсаң… Болбойт мунуң. Мен бирөөнүн бир тыйынын бекер алган жан эмксмин.

Бул кишинин тазалыгына, жандүйнөсүнүн аруулугуна ичимден баа бергем ошондо. Президент боло турган адам ушундай болсо деген ой негедир башыма кылт эте түшкөн.

Тилекке каршы, “беш кол тең эмес” дегендей, бекер нерсени гана жегендей, алайын деп жутунган, берүү жагынан “орозосу” тутулган, акылы өтө тайыз, сырткы кийими гана кайыш, ички дүйнөсү чирик, кээ бир чиновниктер бар койго окшош ирик. Бекер нерсе үчүн алар кете беришет "жаман тешикке" деле кирип. Бая күнү дал ошондой бир “молодой” редактор келип, Бекен Назаралиевдин гезитинен бирди алды да, акчасын бергиси келбей:

— Бекен акеге айтып коюңуз, — деп аюудай майпаңдай баскан бойдон жөнөй берди.

Мен:

— Антип айтканга кантип дитим барат? Болгону бир эле гезит болсо… Өзүң сыртыңан көлөмдүү көрүнгөнүң менен ушунчалык төмөн адам турбайсыңбы. Бир гезитиңди бекер алды деп майдаланып, сенин деңгээлиңе түшкүм келбейт. Алсаң, ала бер, — дедим.

Тиги бир кылчая карап алып, ооштоно каткырып койду. Анын күлгөнүнөн куулуктун, дүнүйөпороздуктун белгилери таасын байкалды, кылчайганда мойну араң бурулган кебетесинен улам элестетип жибердим өтө семирип кеткен байталды. Саясатчылардын сасык акчасына көпкөн, акча берген адамдын көчүгүн да өпкөн, ал эми өзү кайра бир нерсе сатып алаарда тыйын берүүнүн ордуна көз жашын төккөн, көп учурда бир жактуу макалаларды жазып “ичи өткөн”, деңгээли төмөн неме тура мунуң жеткен.

Албетте, менин бир гезиттик чыгым тарттым деп ойгонуп кеткен жок капам. Жаш редактордун көзүн май “балжырап” басып калганына гана мен кейип жатам. Андан көрө кемчиликтерин эмитен оңдоп, өзү бекер алган гезиттин кожоюнунан үлгү алса болмок. Мисалы, Бекен аке жума сайын келип, башка гезиттер менен кошо тиги “ийридактордун” гезитин да сатып алып кетет.

Сөз оролу келгенде баса белгилеп айтуу парыз, антпесем калемдеш катары болуп калам карыз: “Жаны Ордо” гезитин түптөгөн, чыгармачылык арабасына далай кызыктарды жүктөгөн, таланттуу журналист жана жазуучу, айрыкча саясатты казуучу, мыкты редактор, ар дайым адилетсиздикке жайган тор, татаал жумушу аркылуу өрт күйүп турган жерлерге чейин шилтеген кадам, эң негизгиси мыкты адам, агабыз Бекен Назаралиев 60 жашка чыгып олтурат. Кутман курак кут болсун Бекен аке демекчимин!

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: Ачык сөз

Последние новости