www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарында элден акча жыйнап пирамида сыяктуу ыкма менен иштеп жаткан компаниянын иши териштирилип жатат. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга 4-июнь күнү Талас шаарынын автобекетине элдер чогулуп жаткандыгы туууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ барганда Талас шаарынын автовобекетинин ичиндеги имаратта коомдук өнүктүрүү багытындагы фонд ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. Анын өкүлү Талас районунун Таш-Арык айылынын 37 жаштагы тургуну Т. К. экени белгилүү болду. Ал өзүнүн наамына “Ашар касса” ЖЧКсын ачып, кийинчерээк “Эл биримдиги” өнүктүрүү фондуна өзгөртүлгөн. Аталган факт боюнча К. Т. ШИИБге алып келинип, түшүнүк кат жазган.
Аталган уюм “Эл биримдиги” өнүктүрүү фонду деп аталып, элди жакырчылыктан чыгаруу максатын көздөй турганын, акча чогултуп кайра көбөйтүп берүүнү убадалаганы айтылды.
Ал арада социалдык тармактарда милиция кызматкерлери үч-төрт жаран менен биргеликте бир нече капка салынган жана жерде үйүлүп жаткан акчаны санап жаткан видео жарыяланды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg