www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы учурда өлкө башчылыгына жарыш башталган маалда популярдуу боло баштаган “Ким экен” программасы президенттикке талапкерлер тууралуу программа.
Аталган программага Садыр Жапаров да катышып, көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди.
Учурда Жапаров демилгелеп чыккан Конституцияга өзгөртүү киргизүү темасы көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып келет.
“Сиз Конституциянын жаңы долбоорунда президенттик бийликти чыңдоо жагын айткансыз. Сиздин оюңузча бул туурабы же туура эмеспи?” – деген жарандын суроосуна, Жапаров өлкөдөгү башкаруу системаларын чындыгында эле бийлик бир кишинин колунда экенин тастыктап, соттук системаны унутуп, бийлик парламенттин, президенттин жана Өкмөттүн колунда экенин тастыктады өңдүү.
“Бүгүн бизде бийликтин үч бутагы бар: парламент, президент жана Өкмөт. Биз кадрдык маселелерди бийликтин бир гана бутагы чече тургандай кылып түзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө бизде үч бийлик бутагы чечип жатат. Бүгүнкү учурда парламент партиялык тизме менен тандалып алынат. Парламентке келген 5 партиянын үчөө коалиция түзүшүп, мамлекетти үчкө бөлүп алып, кадрдык маселелерди чечишет. Президент да өзү каалагандай маселелерди чечет. Өкмөт өзүнүн методдору менен көйгөйлөрдү чечет. Биз болсо мунун баарын бир система алдына чогулттук. Президентке баш ийет. Тең салмактуулукту камсыздап, соттук системаны Парламенттин фильтринен өткөрүү кажет. Ошондой эле Өкмөттүн түзүмүн да тең салмактуулукка салуу керек”, – деп жооп берди Жапаров.
“Начиная с парламента и “кончая” всеми министрами”- деп опурталдуу ката кетирген Жапаров президент болом дейт имиш...
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg