www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус Кыргызстанга биринчи келгенде биз көптөгөн жаңылыштыктарды кетирип, адамдардын зыяны да ошончолук көбүрөөк болду. Ошондуктан, учурунда көңүл буруп, алдын ала чараларды көрүүбүз керек. Азыр дүйнөдө абал кооптуу. Бул тууралуу Ардагерлер ассоциациясынын төрагасы Накен Касиев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
«Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнү жана ошондой эле коомдук жайларда бет кап тагынуу режимин кайрадан киргизүү керек. Анткени азыр көптөгөн мамлекеттерде оору кайрадан баш көтөрүп, өлүмдөр көбөйүп жатат. Кээ бир мамлекеттерде өлүм өрттөй болуп кетип жатат. Буга тез арада көңүл бурбасак болбойт.
Өткөндөн сабак алып, жыйынтык чыгарыш керек. Анткени, биз коронавирус биринчи бизге келгенде көптөгөн жаңылыштыктарды кетирип, адамдардын зыяны да ошончолук көбүрөөк болду. Ошондуктан, учурунда көңүл буруп, алдын ала чараларды көрүүбүз керек», - деди Касиев.
Булак: NazarNews.kg