www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 16-ноябрда Сочидеги соода борборлорунун биринде үй-бүлө сейилдеп жүрүп күтүүсүз жаман окуяга кабылышты. Ата-энеси кыз менен эскалатор аркылуу көтөрүлгөндө, бала чалынып жыгылып, колу механикалык лентага кыпчылып калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, соода борборунун меймандары жана күзөтчүлөрү жүрөктү эзген ыйды жана кыйкырыкты угуп, жардамга чуркашкан. Интернетте тараган видеодогу кадрларда көрүнгөндөй, робот машинасын токтотуу үчүн бир топ киши механикалык тепкичке секирип токтотууга аракет кылышкан. Эркек кишилер күч менен силкип жатып акыры эскалаторду токтотушуп, биргеликте наристенин колун сууруп алышты.

Кийинчерээк ымыркай катуу жаракат албаганы, колу бир аз тытылып жана коркуп калганы аныкталды. Ата-энеси ооруканага же полицияга кайрылышкан жок, алар кызын сактап калууга катышкан адамдардын бардыгына ыраазычылык билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости