www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июлда кечки саат 19:30 чамаларында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нарын районунун Учкун айыл аймагынын Куланак айылынын Совет көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдү коктулардан түшкөн кыян суулары каптап жатат деген билдирүү түшкөн.

Мындан улам ушу эле күнү Нарын шаары жана Нарын району боюнча ӨКБнүн башчысы А.Кыдыкбаев жетектеген ыкчам топ, жалпы 8 куткаруучу 1 мотопомпа менен чыгып, жардам берип келишкен.

Куланак айылынын Кур-Жылга коктусунан түшкөн кыян суулары сел каналынан ашып, жалпы 16 кожолуктун короолорун сел суулары, анын ичинен 2 үйдүн ичин суу каптаган.

Ыкчам топ, жергиликтүү тургундарды уюштуруу менен үйлөрдүн ичине кирген сел сууларын мотопомпанын жардамы менен сордуруп, сел калдыктарын кол менен ташуу жумуштарын жүргүзүшкөн.

22-июлда Нарын райондук ЖК комиссиясы менен биргеликте ӨКБнын өкүлдөрү Куланак айылынын тургундарына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Тазалоо иштерин аткарууга 28 адам тартылган, анын 8и куткаруучулар.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости