www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин жолдорундагы бир көрүнүш. Ары-бери шашкан айдоочулар. Жолдун аркы бетинен бери карай араң баскан кемпир, жөө адамдар өтчү өтмөктөн өтүп келе жатат. Жанында колтуктаган жигит болбогондо тиги эл ташыган кичиавтобустар уруп эле кетмек окшойт.

Бул тасма кайда, качан тартылганы белгисиз, эч комментарийи жок эле Телеграм-каналдардын бирине илинип калыптыр. Балким жолдогу кардардан көзү өткөн автобустардын айдоочулары чоң энени байкабай, байкаса деле кеч болуп калгандыр. Тегерек четинде светофор деле көрүнбөйт.

Анткен менен бул сүрөттөлүш учур көйгөйү экенин тана албайбыз. Көп эле жолу күбө болуп жүрөбүз, айдоочу жөө жүргүнчү жолдон өтүп кеткиче жаны кашайып, кагынып, силкинип алса, алардан ашкан айрым жөө адамдар, өтмөктөн шашпай каалгып өтүшөт го.

Кыскасы баарынын эле нерви жука жиндери чатак. Маселе шаар ичине видео байкагыч коюу менен эле жакын арада чечилип кетпейт окшоп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости