www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин спикери Дастанбек Жумабеков үстүбүздөгү жылдын Москва шаарында өткөн 42 километр 195 метрлик дистанциядагы эл аралык марафонго катышкан генерал-майор Кемел Кыязовго энчилүү саат тапшырды. Төрага Дастанбек Жумабеков генерал-майор К.Кыязовду мыкты көрсөткүчкө жетишкендиги менен куттуктады. К.Кыязов 42 километр 195 метр аралыкты 4 саат 1 мүнөттө чуркап өткөн. Жогорку Кеӊештин Төрагасы генерал-майор жаш муундарга мыкты өрнөк болуп келгендигин жана мыкты үлгү болуп кала бере тургандыгын баса белгиледи.

«Жаштардын сиздей болууга умтулуусуна күбө болуу кандай жагымдуу. Бул марафон сиздин биринчи жолку чуркооӊуз болбогонун жакшы билебиз. Сиз мурдатан эле ар кандай – 10, 21 километр аралыктагы чуркоолорго жигердүү катышып келесиз. Бирок бул жолку 42 километр аралыктагы марафонго катышууӊуз ар дайым максатка умтулуу керектигине сонун мисал болуп калды. Өзүӊүз билгендей, аймактарда жаштарыбыз спорт менен талбай машыгып келүүдө. Стадиондор, футболдук аянтчалар курулуп жатат. Ошол жаштарыбыз сиздей өрнөк инсандардан сабак алышууда»,- деди Төрага.

Белгилей кетсек, генерал-майор Кемел Кыязов дайыма спорт менен машыгып келген. 2016-жылы пенсияга чыккандан тартып, профессиналдуу чуркоо менен алектене баштаган. «2017-жылы Ысык-Көлдө өткөн 10 километрдик аралыктагы эл аралык марафонго катышкам. Кийинки жылы 21 километрди багынтууну максат кылдым. Ошентип бара-бара аралыкты көбөйтүүгө аракет кылып келем. Үстүбүздөгү жылдын май айында Ысык-Көлдөгү марафондо 42 километрди 4 саат 37 мүнөттө чуркап өткөм. Андан соӊ илбирсти сактоого арналган жарым марафонго катыштым. Андагы аралык – 21 километр мен үчүн оор деле болгон жок. Ал эми Москвада өткөн марафонго мен көпкө даярдандым. Аба ырайы суук, шамалдуу болду. Чуркоого 85 өлкөдөн 30 миӊдей адам катышты. Анда мен жеке өзүм үчүн рекорд коюп – 42 километр 195 метр аралыкты 4 саат 1 мүнөттө чуркап өттүм. Мен өзүмдүн бул марафонго катышуумду кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арнадым»,-деди генерал-майор Кыязов.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кемел Кыязовго бекем ден соолук, албан-албан ийгиликтерди каалады.Жолугушууда ар кандай эл аралык марафондорго активдүү катышып келе жаткан Жогорку Кеӊештин депутаты Бакирдин Субанбеков дагы болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости