www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев УКМКнын эшигин тепти

Бүгүн, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунда өтмөк болгон кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук алдын ала уктуруу УКМКнын СИЗОсунда жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин келүүдөн баш тарткандыгы үчүн дагы жылдырылды. 11-октябрда да ушинтип баш тартып койгондугу үчүн соттук алдын ала уктуруу жылган.

Адвокат Замир Жоошевдин журналисттерге берген маалыматына ылайык, Атамбаев “ишти менсиз деле карай бергиле” деп талап кылып жатыптыр. Эгерде күч менен алып бара турган болсо ачкачылык жарыялаарын да айткан.

Дагы бир адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев судьянын атына соттук процесске катышуудан баш тартаары тууралуу арыз жазган.

-Бирок, сот бул арызда сураныч бөлүгү жок экендигин айтып, конвойдон менин коргоочумду сотко катыштууруну талап кылды, - дейт Слесарев.

Слесаревдун бул айтканын Биринчи Май райстонун Асел Равшанбекова да ырастап, “бирок, күч менен алып келүү болбойт” деди.

Дал ушул себепке байланыштуу Батукаевдин иши боюнча соттун алдын ала уктуруу жыйыны эртең, 15-октябрга жылдырылды.

Ушул жылдын август айында Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаев тергөө иштерине күбө катары бир нече ирет берилген чакырыктарына каршы жооп кылып, мыйзамга баш бербей койгон.

Эскерте кетсек, Батукаевдин 6 жыл мурун түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча 19 адам айыпталууда. Алардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев да бар. Айыпталып жаткан 19 адамдын 17си тергөө иштери менен кызматташууга макулдугун билдирген соң эркиндикке чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости