www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Хагибис» Японияда акыркы жылдардагы эң кыйраткыч тайфун болуп калды.

Японияны каптаган “Хагибис” тайфунунан улам бүгүнкү күнгө карата каза болгондордун саны 45ке жетти, ошондой эле дагы 15 киши дайынсыз жоголгон.

Маалыматка караганда, катуу бороондон улам электр зымдары үзүлүп, 400 миңге жакын үй жарыксыз калган. Көптөгөн дарыялар нугунан чыгып, үйлөрдү каптаганы да айтылды.

Мындан мурун Япониянын Миэ, Токио, Сидзуока, Тибв жаа Гумма префектураларынын 50 миңдей тургунуна эвакуация жарыяланганы кабарланган. 50 миң адамдын эвакуация тууралуу жарыя алганы “Хагибис” тайфуну жакындап калганын, өмүргө коркунуч келтиргендигин билдирет. Дагы 4,2 миллион адамга көчүү боюнча эскертүү берилди.

“Хагибис” тайфуну япон архипелагына түштүк-чыгыштан келе жатат. Учурдагы анын борборундагы басымы 935 гектопаксалды түзөт, ал эми борборундагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрди, күчөгөндө 65 метрди түзөт. Метеорологдор анын күчүн “Ида” тайфунуна теңешти. Ал тайфундан 1269 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости